Стамбулдун полициясы жүздөгөн демонстранттарды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Бул ирет кеминде 500дөй демонстрант Таксим аянтынын жанындагы көчөдө өткөн нааразылык акциялар учурунда полициядан сокку жеген соң комага түштү делген өспүрүмдү колдоп чыгышкан.
Бийликтин Стамбулдагы Гези паркын кайра куруу планынан улам тутанган нааразылыктын арты июнь айында премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын өкмөтүнө каршы ири демонстрацияларга айланган эле.
Бийликтин Стамбулдагы Гези паркын кайра куруу планынан улам тутанган нааразылыктын арты июнь айында премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын өкмөтүнө каршы ири демонстрацияларга айланган эле.