Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Нарында жергиликтүүлөр кытай жарандары менен чырлаша кетти


Нарында жергиликтүү тургундар кытай жарандары менен чырлаша кетти. Чек ара кызматынан кабарлашкандай, чатактын ырбап кетишине ошол жерде кызмат өтөп жаткан чек арачылар жол берген жок.

Окуя кечээ, 31-июлда болгон. Түз-Бел ашуусунда жол куруп жаткан "Чайна роуд" компаниясынын кытай кызматкери унаада баратып Кочкор айылынын тургунун коюп кеткен. Чек ара кызматынын билдиргенине караганда, ал кырсык болгон жерден качып кетүүгө аракет жасагандыктан аны токтотууга ошол эле "Чайна роуддун" төрт кыргыз кызматкери чыккан. Бирок алар кытай кесиптештеринин ур-токмогуна кабылган. Буга ачуусу келген "Чайна роудда" иштеген башка кыргыздар жана жергиликтүү тургундар 50-60 киши болуп чогула баштаган. Кыргызстандык чек арачылар окуя болгон жерге жетип келип, чырды токтотуп калууга үлгүргөн.

Учурда окуя болгон жерде күч кызматкерлери иштеп жатат. Машина коюп кеткен кыргыз жаран жана сабалган жолчулардын абалы жакшы. (RK)

XS
SM
MD
LG