Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:14

HRW: Бангладеште жарым жылда 150 митингчи өлтүрүлдү


Бангладеште феврал айынан бери көчө акцияларына катышкан 150дөй адам күч кызматкерлеринин колунан каза тапкан. Бул тууралуу бүгүн эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму билдирди. Ушул эле мезгил аралыгында эки миңден ашык митингчи полиция менен кагылышта түрдүү жараат алган. Укук коргоочулар айтып жаткан нааразылык акциялары "Жамаат-и-Ислами" партиясы тарабынан уюштурулган. Бул партиянын тарапкерлери 1971-жылдагы Пакистандан көз карандылыкка чыгуу үчүн жүргүзүлгөн согуш учурунда жасалган кылмыштар үчүн кесилген исламчы лидерлерге берилген абак мөөнөттөрүнө карата нааразылык билдирип көчөгө чыккан. Human Rights Watch уюмунун Азия боюнча бөлүмүнүн башчысы Брэд Адамс Бангладеште мындан ары зордук-зомбулукту токтотуу үчүн мамлекет күч кызматтарынын үстүнөн көзөмөлдү күчөтүүсү керек деп эсептейт. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG