Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:22

Орус оппозиционери Сергей Удальцов үй камагында калтырылды


Москванын Басман соту оппозиционер, "Солчул фронт" кыймылынын координатору Сергей Удальцовду 6-октябрга чейин үй камагында калтыруу чечимин чыгарды. Ошентип сот прокурордун "Удальцов эгер бошосо качып кетет же далил заттарды жок кылып, күбөлөргө басым жасашы мүмкүн" деген арызын канааттандырды. Удальцовдун адвокаттары анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, кетип калбоо тууралуу тил кат менен үй камагынан чыгарып алуу аракетин жасаган. Адвокат Виолетта Волкованын айтымында, "үй камак шарты өтө эле катаал, бул адам укугун бузуу болуп эсептелет жана кылмыш иштин өзү саясый мүнөзгө ээ экенин тастыктап турат". Сергей Удальцов былтыр Москванын Болотная аянтында өткөн оппозициянын ири нааразылык акциясын уюштурган деп айыпталууда. Ал 10 жылга эркинен ажырап калышы ыктымал. (RK)

XS
SM
MD
LG