Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:31

Француз соту Аблязовду Украинага берүү маселесин кароодо


Экс-ан-Прованс шаарчасында болгон соттук угууда Аблязов Украинанын өтүнүчүнө ылайык кармалганын прокурор Солаж Леграс маалымдады.

Француз прокурору Мухтар Аблязовду өткөрүп берүү өтүнүчү Украинадан тышкары “Орусиядан, Казакстандан жана башка өлкөлөрдөн да бар болгонун” “Азаттыкка” телефон аркылуу курган маегинде айтты.

Мурдагы банкир Мухтар Аблязовго Орусияда, Казакстанда жана Украинада издөө жарыяланган. Леграс француз соту аны Украинага кайтарып берүүнү карап жатканын кошумчалады.

Мухтар Аблязов - Казакстандын БТА банкынын башкаруучулар кеңешинин мурдагы төрагасы, президент Назарбаевдин ачык саясий оппоненти деп саналат. Ал өз мекенинде финансылык кылмыштар үчүн айтыпталган. Өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, саясий мүнөздө деп санаган Аблязов 2011-жылы Британиядан саясий башпаанек алган.

XS
SM
MD
LG