Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:26

Бүгүн Үркүн курмандыктарын эскерүү күнү


Буга байланыштуу бүгүн Улуттук китепканада “Азаттык деген асыл сөз” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылат. Көргөзмөгө 1916-жылдагы козголоң тууралуу гезит материалдары, тарыхчылардын изилдөөлөрү, Үркүн тууралуу тарыхый документтер, бул кайгылуу окуя тууралуу жазылган китептер коюлат.

“Кыргыз эл” коомдук бирикмеси борбор калаанын Түштүк дарбазасындагы Үркүндүн курмандыктарына тургузулган эстеликке гүл коюп, куран окутат. Ал эми “Үй куруучулар” партиясы Боом капчыгайындагы эстеликтин алдында Үркүндүн курмандыктарын эскерет.

1916-жылы Кыргызстанда падышалык Орусиянын басымына каршы эл көтөрүлүп, тарыхчылардын эсебинде 200 миң чамалуу киши кырылган.

2008-жылы Жогорку Кеңеш август айынын алгачкы жумасын Үркүн курмандыктарын эскерүү күнү деп расмий жарыялаган. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG