Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:06

Таласта төө буурчакка сертификат алуу аракети башталды


Таласта төө буурчакка эл аралык сертификат алуу аракети жүрүп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук бийликтен кабарлашты. Бул иш "Таластын төө буурчагы" деген дүйнөлүк брэндге жетишүү максатында жасалууда. Учурда Кара-Буура районунда атайын цех ачылып, ал жерде төө буурчакты өзүнчө баштыкчаларга салып, сатууга даярдап жатышат. Бүгүнкү күндө Таластын төө буурчагын 59 фирма 21 өлкөгө экспорттоп жатат. Бирок Таластын өзүнөн ал мүшөккө салынган бойдон кетип, чет жакка барганда кооз баштыктарга салынып, ошол өлкөнүн азыгы катары сатылууда. Быйыл бул өсүмдүк Таласта 50 миң гектарга айдалды, былтыр 46 миң болчу. Былтыр жазында бир килограммын 46 сомдон сатып алып кетишкен болсо, быйыл 73 сомдон сатылды. Таластын төө буурчагы Түркия, Болгария, Орусия, Грузия, Ирак, Ангола, Македония жана башка мамлекеттерге экспорттолот. (MbA/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG