Кыргызстанда мектеп куруу боюнча жаңы стандарт иштелип чыкты. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Архитектура, курулуш, турак-жай коммуналдык чарба агенттигинен кабарлашты. Стандарт быйыл 1-сентябрдан баштап колдонула баштайт. Ага ылайык, 300 орунга чейинки мектептерди курууда ар бир класс 25тен көп эмес окуучуну батыра тургандай салынышы керек болот. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 2 204 мектеп бар. Окуучулардын жалпы саны 1 миллион 15 миңден ашат. (RK)