Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:20

Сузакта Орусияга маңзат ташып бараткан тажик жараны кармалды


Сузакта Орусияга маңзат ташып бараткан тажик жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты. Бишкек - Ош унаа жолунун 572-чакырымында тажикстандык жарандын машинасынан 4 килограмм героин табылган. Кармалган ооган маңзатынын жалпы баасы 100 миң доллар. Окуя боюнча кылмыш иш козголуп, кылмышка шектүү жаран милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG