Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

Кыйноолорго каршы борбордун директору тандалууда


Кыргызстанда жаңы ачыла турган Кыйноолорго каршы улуттук борбордун директорун тандоо жүрүп жатат. Борбордун Координациялык кеңешинин төрага орун басары Назгүл Турдубекованын "Азаттыкка" айтымында, сынакка төрт киши катышууда. Алардын үчөө акыйкатчы институтунун Чүйдөгү, Нарындагы жана борбордук аппаратындагы өкүлдөрү.

Кыйноолорго каршы борбор түзүү тууралуу жарлыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев былтыр июл айында кол койгон. Улуттук борборду башкарган Координациялык кеңештин курамында 11 киши бар. 8и - жарандык коом өкүлдөрү, парламенттеги оппозициядан бир депутат, башкаруучу коалициядан бир депутат жана өлкөнүн акыйкатчысы.

Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда милициянын убактылуу кармоочу жайларында адамдарды кыйноо фактылары көп катталат, бирок бул боюнча расмий статистика жок. Ички иштер органдары мындай айыптоо негизсиз деп айтып келет. Кыйноолорду алдын алуу максатында эл аралык уюмдардын жардамы менен Ош жана Жалал-Абаддын айрым ички иштер башкармалыктарына видеокамералар орнотулган болчу. Кыйноолорго каршы борбордун кызматкерлери баардык жабык жайларга каалаган учурда эч тоскоолдуксуз кирүү укугуна ээ болот. (RK)

XS
SM
MD
LG