Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:16

АКШ айрым өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүн убактылуу жабат


АКШ ушул жекшемби, 4-августта бир катар өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн коопсуздук чараларына байланыштуу убактылуу жапмай болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн Вашингтондо мамлекеттик департаменттин өкүлү Мари Харф билдирди. Ал кайсы өлкөлөрдөгү элчиликтер убактылуу жабылаарын так айткан жок. Бирок америкалык пресса жазып жаткандай, кеп жекшемби иш күн деп эсептелген айрым мусулман өлкөлөрү тууралуу болууда. АВС телекомпаниясынын билдиргенине караганда, АКШнын Египет, Ирак, Катар, Бахрейн, Кувейт, Ооганстан, Бангладеш, Иордания, Йемен, Сауд Арабиясы, Алжир, Бириккен Араб Эмираттары жана Ливиядагы өкүлчүлүктөрү жабылат. Мындай чарага барууга коопсуздукка байланыштуу кандай себеп болуп жатканын мамлекеттик департамент айткан жок. Шартка жараша элчиликтер жана дипломатиялык миссия кеңселери бир нече күнгө жабылышы мүмкүн. (RK)

XS
SM
MD
LG