Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Сноуденге Орусияда иш сунушталды


Эдвард Сноуденге Орусияда иш сунушталды. "ВКонтакте" социалдык тармагы Орусияда убактылуу башпаанек алган америкалык атайын кызматтын мурдагы кызматкерин өзүнө алууга даяр экенин бүгүн аталган компаниянын директору Павел Дуров билдирди. Сноудендин жообу азырынча белгисиз. Экономикалык серепчилердин пикиринде, эгер "ВКонтакте" аны ишке алса, компаниянын Батыш өлкөлөрүндөгү бизнеси айрым кыйынчылыктарга туш болушу ыктымал. АКШ өкмөтү Сноуденди шпион деп айыптап, аны өзүнө өткөрүлүп берилишин талап кылып келатат. Кечээ орус бийлиги ага бир жылга убактылуу башпаанек берди. Ага чейин ал башпаанек сурап 23-июндан бери Москванын "Шереметево" аэропортунун транзиттик зонасында жашап турду. Кечээ Сноуден коопсуз жерге чыгып кеткени кабарланды, бирок каякта экени тууралуу маалымат жок. (RK)

XS
SM
MD
LG