Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Роскосмостун жетекчисине сөгүш жарыяланды


Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев бүгүн Роскосмостун жетекчиси Владимир Поповкинге сөгүш жарыялады. Орус өкмөтүнүн маалымат кызматынын билдиргенине караганда, ал өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жакшы аткара албаганы үчүн ушундай чечим кабыл алынды. Поповкин Роскосмос ишканасын 2011-жылдын апрел айынан бери башкарып келатат. Бул аралыкта Орусиянын космостук тармагында бир нече ири авария катталды. Эң соңкусу бир ай мурун болгон. Анда "Протон-М" ракета алып жүрүүчү аппараты үч байланыш спутниги менен кошо кулап түшкөн. Бул аварияларга байланыштуу кеткен чыгым миллиарддап саналууда. (RK)

XS
SM
MD
LG