Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:33

Азербайжанда журналист кысымга кабылууда


Азербайжанда журналист кысымга кабылууда. "Азаттык" радиосунун азери кызматынын кабарчысы, журналисттик иликтөөлөрдүн автору Хадия Исмаиловага карата жасалып жаткан коркутуп-үркүтүүлөрдү иликтөө керек экенин айтып бүгүн Эркин Европа/Азаттык радиосунун президентинин милдетин аткаруучу Кевин Клоуз азери өкмөтүнө кайрылды. Себеби жакында интернетке Хадия Исмаилованы каралоого багытталган айрым видеотасмалар чыккан. Исмаилова бир нече жолу азыркы мамлекет башчы Илхам Алиевдин үчүнчү жолу президенттикке талапкер болуусуна жана миллиондогон акча кетип жаткан долбоорго байланыштуу макала жазган. Азербайжанда президенттик шайлоо 9-октябрда өтөөрүн бүгүн өлкөнүн Башкы шайлоо комиссиясы кабарлады. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG