Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Кыйноолорго каршы борбордун директору тандалды


Бүгүн Бишкекте эки күн бою өткөн сынактын жыйынтыгында кыйноолорго каршы улуттук борбордун директору тандалды. Борбордун Координациялык кеңешинин төрага орун басары Назгүл Турдубекованын "Азаттыкка" айтымында, бул кызматка 42 жаштагы Бакыт Рысбеков дайындалмай болду. Ал төрт талапкердин ичинен эң көп добуш алды. Бакыт Рысбеков азыр акыйкатчынын Нарындагы өкүлү. Директорду Координациялык кеңеш тандады. Анын курамына 11 киши кирет. 8и - жарандык коом өкүлдөрү, парламенттеги оппозициядан бир депутат, башкаруучу коалициядан бир депутат жана өлкөнүн акыйкатчысы. Кыйноолорго каршы борбордун кызматкерлери баардык жабык жайларга каалаган учурда эч тоскоолдуксуз кирүү укугуна ээ болот. (RK)

XS
SM
MD
LG