Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:26

“Маданият. Тарых. Тил” телеканалы түзүлөт


Аталган телеканал “Пирамида” медиахолдингинин базасында ишке киргизилмекчи. Бул тууралуу 2-августта мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча түзүлгөн жумушчу топтун отурумунда айтылды. Учурда “Маданият. Тарых. Тил” телеканалын түзүү боюнча атайын жумушчу топ иш алып барууда. Бул телеканал кыргыз элинин тарыхый-маданий мурастарын, анын ичинде кыргыз тилин кеңири таанытууга, ошондой эле азыркы кыргыз маданиятынын мыкты үлгүлөрүн дагы өркүндөтүүгө багытталат.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жумушчу тобуна октябрь айына чейин 2014-2020-жылдарга мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгып, Улуттук кеңешке берүү тапшырылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG