Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

Электр энергиясы ашыкча сарпталууда


Үстүбүздөгү жарым жылда электр энергиясын пайдалануу тиешелүү чектен 51 млн. кВт саатка ашып кеткен. Бул өкмөттүн кышка даярдык тууралуу токтомуна ылайык келбейт деп билдирет Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы.

Электр энергиясы Чүй жана Ош облустарында ашыкча колдонулган, андан кийин Бишкек шаары менен Талас облусу турат.

Энергетиктер быйыл кышка чейин Токтогул суу сактагычына 15,5 млрд. кубметр суу топтолбосо, жазында энергетика жаатында маселе чыгышы мүмкүн экенин белгилешүүдө.

1-августта аталган суу сактагычтагы суунун көлөмү 14 млрд. 830 млн. кубметрди түздү. Энергетика жана өнөр жай министрлиги келерки жылдын 1-апрелинде Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 млрд. 300 млн. кубметр болот деген божомолун расмий билдирди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG