Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:03

Жети-Өгүз районунда аким шайланбай калды


Ысык-Көл облустук администрациясынын маалыматы боюнча 2-августта өткөн акимди шайлоодо талапкерлер алган добуштар жетишсиз болуп калды.

Шайлоого Жети-Өгүз райондук кеңешинин 223 депутатынын 207си катышты. Добуш берүүнүн биринчи айлампасына катышкан беш талапкердин ичинен Нурлан Алиев менен Канат Кожобаев көп добуш менен экинчи айлампага чыгышты.

Экинчи айлампада талапкерлер алган добуштар тиешелүү чекке жеткен жок. Утуп чыгуу үчүн атаандаштардын бири 112 добуш алууга тийиш болсо, Нурлан Алиев 97, Канат Кожобаев 78 добуш алды.

Жети-Өгүз районунда 113 айыл кеңеши бар. (MK/ZKo)

XS
SM
MD
LG