Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:23

Каирде полиция демонстранттарга көздөн жаш агызчу газ колдонду


Жума намаздан кийин мурунку президент Мухаммед Мурсинин тарапкерлери борбордук аянттан жүрүшкө чыгышты. Алардын бир тобу Рабаа-ал-Адауид мечитинин жанында Мурсини колдоп, узак мөөнөткө нааразылыкка чыккандарга кошулууга аракет жасашты.

Мурдараак жаңы бийлик Мурсинин тарапкерлерин демонстрацияларын токтотууга чакырган болчу.

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Египетке иш сапарында Мурсини бийликтен алып түшкөн аскердик козголоң өлкөдө демократияны калыбына келтирүү кызыкчылыгында болду деп билдирген. Анын бул билдирүүсү Мурсини колдогон исламчылардын каршы пикирин жаратты.

XS
SM
MD
LG