Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:53

Германия байланыш каналдарына байкоо салган келишимден чыкты


Германия 1968-жылы АКШ, Франция, Британия жана Германия ортосунда кол коюлган телекоммуникациялык каналдарга байкоо салган келишимди токтотту. Немис өкмөтү тиешелүү документтерди Вашингтон, Лондон менен Парижге жибергенин өлкөнүн тышкы иштер министри тастыктады. Бул тууралуу немис маалымат каражаттары кабарлайт.

1968-жылдагы келишим боюнча Батыш Германиянын Конституцияны коргоо боюнча федералдык мекемеси менен Федералдык чалгын кызматы Вашингтон, Лондон жана Париж сураган жашыруун маалыматтарды берип турган. 1990-жылы мурдагы эки Германия бириккенден кийин мындай маанидеги бир дагы өтүнүч болбогонун атайын булактар билдирет.

XS
SM
MD
LG