Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:28

Ооганстанда согушкерлер Индиянын элчилигине чабуул койду


Өлкөнүн чыгышындагы Желалабад шаарында Индиянын консулдук өкүлчүлүгүнө жанкечти чабуул коюп, бери дегенге сегиз киши набыт болуп, жыйырмага чукул адам жараат алды. Арасында балдар да бар. Өлгөндөрдүн көбү жарылуу болгон жерге чукул мечитте болушкан. Индия тарап өз жарандары жабыр тартпагандыгын билдирди.

Мина коюлган автоунаа консулдуктун имаратын бутага алып келип жарылган.
Азырынча жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Индиянын Ооганстандагы өкүлчүлүктөрү буга чейин да чабуулга кабылган. 2008 жана 2009-жылкы Кабулдагы элчиликке жасалган чабуулда ондогон адамдар набыт болгон.

Соңку күндөрү ооган коопсуздук күчтөрү куралдуу топторго каршы операцияларды күчөттү, Нангархар провинциясындагы кармашта 76 талип жана 22 полициячы каза тапканы кабарланды.

XS
SM
MD
LG