Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:20

Баткенде эне сүтүнүн маанисин көрсөткөн иш-чара өттү


Облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун демилгеси менен эне сүтүнүн маанисин даңазалаган иш-чара 2-августта болду. Анда медицина кызматкерлери менен кошо алты жашка чейинки балдар, энелер борбордук көчөдө жөө жүрүш жасашты.

Аталган борбордун координатору Сайпидин Төрөевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, акыркы убактарда ымыркайлар эне сүтүн тойо эмбей калганы алардын иммунитетинин алсыздыгына, ден соолугунун начарлашына алып келүүдө. Дарыгердин айтуусунда, жаңы төрөлгөн наристесин калтырып, алыска эмгек миграциясына кетип жаткан кыз-келиндер көбөйдү.

Расмий маалыматтар боюнча, аз кандуулуктан жабыркаган энелердин саны жагынан Баткен алдыңкы орунда турат. (ZKo/JsA)

XS
SM
MD
LG