Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

ӨКМ: Дарыяларда суу ташкындай баштады


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, нөшөрлөп жааган жаандан улам Тосор суусу ташып, Ысык-Көл облусундагы Тамга айылындагы төрт көпүрөнү үч кашарды жана зым карагайларды сел алып кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча, адам өмүрү кырсыктаган жок. Учурда суу ташыган аймактарда ӨКМ кызматкерлери калыбына келтирүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Ошондой эле 3-август күнү түн ичинде Барскоон-Кумтөр унаа жолун сел жууп, кен иштеткен ишканага жол буулган. Селдин кесепетин жоюу иштерине “Кумтөр оперейтинг” компаниясынын техникалары тартылды деп маалымдайт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы. (ZKo)

XS
SM
MD
LG