Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:55

АКШ мамкатчысынын орун басары Каирде сүйлөшүүлөрдү жүргүздү


Уильям Бөрнс ишембиде Египеттин бийлиги жана Мухаммед Мурсинин жактоочулары менен жолугушту. Ал Египеттин тышкы иштер министри Набил Фахми жана бийликтен кулатылган президент Мухаммед Мурсинин жактоочулары - “Мусулман агайындар” кыймылынын мүчөлөрү менен жолугушту. Бөрнстун Египетке сапары каршылашкан тараптарды бир мунасага келтирүү максатын көздөгөн.

Египеттин коргоо министри Абдел Фаттах ал-Сисси Вашингтондон исламчылардын Мурсини кайра бийликке алып келүүнү талап кылуусун токтотууга үндөөсүн өтүндү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG