Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Ошто өзбек ырчылар «Жарамазан» айтышты


Ош шаарындагы өзбек тектүү ырчылар «Жарамазан айтуу» акциясын уюштуруп, жетекчилердин үйлөрүн кыдырышты. Бул тууралуу «Азаттыкка» акциянын уюштуруучусу Фарход Маткасимов билдирди. Анын айтымында, Оштогу онго жакын ырчы ушул аптада бир жума бою шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилеринин, калаа башчысынын үйүнө барып "Жарамазан" айтышты. Акциядан түшкөн каражат мечиттердеги тизме боюнча колу жука үй-бүлөлөргө таратылат.

Ошто өзбек тектүү ырчылардын мындай акциясы 2010-жылдагы Июнь калабасынан бери алгачкы жолу уюштурулууда. Быйыл февраль айында алардын "Сизди сагындык" аттуу концерти да тартууланган. Алар Орозо айт күнү дагы эки чоң гала концерт өткөрүүнү пландап жатышат. (SE)

XS
SM
MD
LG