Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:11

Ирандын президенттик аппаратын АКШдан билим алган ишкер жетектейт


Ирандын жаңыдан ишке киришкен президенти Хасан Роухани аппарат башчылыгына 58 жаштагы Мухамед Нахавадианды дайындады. Нахавадиан АКШнын Жорж Вашингтон университетин бүтүрүп, докторлугун жактаган. Ал 2010-жылдан бери Ирандын Соода, өнөр жай жана шахта палатасын жетектеп келген.

IRNA агенттигинин маалыматы боюнча, дайындоо ишембиде Ирандын диний лидери Аятолла Али Хаменейи Хасан Роуханини президенттикке бекиткенден кийин болду.

64 жаштагы Хасан Роухани июнь айындагы президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен. Шайлоо алдында ал Ирандын дүйнөлүк державалар менен мамилесин калыбына келтирүүгө, эл аралык санкциялардын натыйжасында алсырап бараткан улуттук экономиканы көтөрүүгө аракеттенерин билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG