Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:06

Бүгүн - Темир жолчулардын күнү


Буга байланыштуу бүгүн Бишкектеги темир жолчулар сейил багында майрамдык иш-чаралар уюштурулуп, кызматкерлердин арасында футболдук беттешүү болду. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан маалымдашкандай, кесиптик майрамга карата ишкананын алдыңкы кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды.

Үстүбүздөгү жарым жыл ичинде “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы тарабынан мамлекеттик бюджетке салык катары 224 млн. 841 миң сом, ал эми Соцфонддун эсебине 138 млн. 758 миң сом которулган.

Кыргызстанда Темир жолчулар күнү 1994-жылдан бери август айынын биринчи жекшембисинде белгиленип келет. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG