Эки апта мурун табышмактуу өлүм менен каза болгон кытайлык ишкер, Бишкектеги “Фуджин” дүкөнүнүн башчысынын өлүмү боюнча Бишкек шаардык жана Свердлов райондук ИИБнын кызматкерлери түшүндүрмө беришет.
Буга чейин 44 жаштагы кытайлык ишкер 25-июлда таңга жуук жарымжан абалында Бишкектеги темир жол вокзалы тарабынан табылганы, катуу сабалгандыктан ооруканада өзүнө келбей жатып жан бергени тууралуу маалымдалган. Кийинчерээк айрым социалдык тармактарда кытайлык ишкер 24-июль күнү кечинде Свердлов райондук милициясында болгон деген маалыматтар жарыяланган эле.(ZKo)