Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:52

АКШ айрым чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүн 10-августка чейин жапты


Жакынкы Чыгыштагы жана Африка өлкөлөрүндөгү АКШнын 19 өкүлчүлүгү 10-августка чейин убактылуу жабылды. Мындай чара өкүлчүлүктөрдүн коопсуздугуна байланыштуу көрүлүүдө. Мурдараак АКШ бийлиги август айында “ал-Каида” жана ага байланышкан террордук уюмдардын кол салуусу болорунан кабардар экенин билдирген. Интерпол ошондой эле чет мамлекеттерде саякаттап жүргөн америкалыктарды да этият болууга үндөөдө.

Сактыкка чакыруу өткөн айда Ирак, Ливия жана Пакистандагы түрмөлөрдөн жүздөгөн согушкерлер качып кеткенден кийин болууда.

XS
SM
MD
LG