Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:28

"Кара куурай" операциясынын алкагында 5 тоннадан ашык маңзат алынды


Бул тууралуу Маңзатты көзөмөлдөө кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 22-июлдан 28-июлга чейин өлкө аймагында “Кара куурай” операциясынын алгачкы этабы болуп өттү. Анын алкагында маңзатка байланыштуу 47 кылмыш ачылды. 5 тонна 300 килограммга жакын ар кыл түрдөгү маңзат алынды. Ошондой эле операция маалында 469 гектардан ашык жапайы куурай аянты жок кылынды. Бул операцияга маңзатты көзөмөлдөө кызматы жана ИИМдин 2238 кызматкери жана 600дөн ашуун ыктыярчылар катышты.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG