Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:48

Нарын: чоң аянтка эгилген кара куурай табылды


30-июлда Нарын районунун Ак-Кудук айылында 37 сотук жерге кара
куурай айдаган С.Ж. аттуу жаран кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин Нарын облустук башкармалыгынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кармалган адам мурда уурулук боюнча соттолгон. Учурда 250-беренеге ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Буга чейин Нарын облусунда мындай чоң өлчөмдөгү маңзат өстүрүү же алып жүрүү катталган эмес.(TSh)

XS
SM
MD
LG