Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:39

Асад эрегишчилерди “темир муштум” менен сокконго чакырды


Сирия президенти Башар Асад көтөрүлүшчүлөр менен саясий диалог болбойт деп, оппозициянын согушчандарын “темир муштум” менен сокконго чакырды. Ал адаватчыларды “террористтер” деп атап, “акылы жайындагы адам терроризмди саясат аркылуу жөндөө мүмкүн деп ойлобойт” деди.

Жекшемби күнү Дамасктагы ооз ачуу маалында сүйлөп: "Терроризм жана оппозиция такыр коошпойт. Терроризм туш тарапка сокку уруп жатканда саясий аракеттер менен саясий ыкмаларда прогресс болбойт. Саясатты оңдуу жүргүзүш үчүн терроризмге сокку урулушу керек",-деди.

Асад ошондой эле Сириянын революциячыл жана оппозициячыл күчтөрүнүн Улуттук кеңешин өлкөдөгү кризисти чечүүдө “эч кандай роль ойной албады” деп сындады. Анын айтымында, Сириядагы чатак терроризм таш-талкан кылынган соң жөндөлөт. Өлкөдө эки жылдан ашуун убактан бери жүрүп жаткан жарандык согушта 100 миңден ашуун адам апаат болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG