Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:08

Казакстандын Жогорку Соту Козловдун ишин карабайт


Казакстандын Жогорку Соту оппозициянын абактагы лидери Владимир Козловдун ишин кайра кароодон баш тартты. Соттун төрагасы Моряк Шегенов дүйшөмбү күнкү угууда “ал үчүн эч кандай негиз жок” деди. Козловдун аялы Алия Турусбекованын “Азаттыкка” билдиришинче, соттук угууга казакстандык адам укугун колдоочуларга катар Польша жана Италиянын парламентарийлери катышты.

Катталбаган “Алга” партиясынын башчысы Козлов 2011-жылы декабрда Казакстандын батышындагы Жаңы-Өзөн шаарындагы мунайчылардын иш таштоосуна байланыштуу 7,5 жылга кесилген. Саясий акцияны полиция басып жатканда 17 киши окко учкан. Владимир Козлов өзүн саясий жүйөдөн улам соттолдум деп эсептейт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG