Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:20

Подмосковьедеги Долгопрудный шаарынан 600 мигрант кармалды


Москва облустук ички иштер башкармалыгынын билдирүүсү боюнча “мыйзамсыз мигранттар” мурдагы жашылча базасынын ордундагы автономдуу шаарчада жашап жатышкан. Азырынча алар кайсы жактан келген мигранттар экени айтылбайт.

Мурдараак Орусияда мыйзамсыз мигранттарды убактылуу кармоо үчүн сексенден ашуун түйүн түзүлөрү кабарланган. Москвадагы Гольяново районунда мигранттар үчүн курулган чатыр лагерде 600 чамалуу мыйзамсыз мигранттар кармалып турат, алардын баары өз мекендерине депортацияланышат.

27-июлда Москванын Матвеевск базарында полицияга кол салуу болгондон кийин бир нече рейддер жүргүзүлүп, мыйзамсыз делген миңдеген мигранттар кармалган.

XS
SM
MD
LG