Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Стамбулда полиция демонстранттарга желим ок чыгарды


Ошондой эле аларды кууп таратуу үчүн катуу суу агыны пайдаланылды. Стамбулдун четиндеги Силиври шаарчасында жаштар “өкмөттүк төңкөрүш уюштурду” деп айыпталгандарга чыгарылган өкүмгө нааразылыгын билдирип чыгышкан.

Кечээ бул айып менен парламенттин мурдагы үч мүчөсү 12 жылдан 35 жылга чейин соттолду. Ал эми Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын мурдагы зардалы Илкер Базбук өмүр бою эркинен ажыратылды.

Соттун өкүмү ар бир айыпталуучуга өз-өзүнчө угузулууда. Алар "Эргенокон" уюмуна мүчө болгон", "мыйзамсыз курал сактаган", "премьер-министр Режеп Тайып Эрдоганга, ошондой эле ал башындагы "Адилеттик жана өнүгүү" партиясына каршы аскерлерди тукурган" деп күнөөлөнүүдө. Айыпталуучулардын арасында офицерлер, юристтер, илимпоздор жана журналисттер да бар.

Түркиянын оппозициясы 2008-жылы башталган сот жараянын өкмөттүн сынчыларынын оозун жабууну көздөйт деп айыпташкан.

XS
SM
MD
LG