Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Жогорку Сотто «Ата-Журттун» депутаттары боюнча жараян башталды


Жогорку Сотто «Ата-Журт» партиясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун иши боюнча жараян башталды. "Азаттыктын" кабарчысы билдиргендей, соттук жараянга Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров келген жок. Ал эми алардын адвокаттары айрым актоочулардын ооруп калганына байланыштуу ишти кийинкиге жылдырууну суранууда. Бирок мамлекеттик айыптоочулар муну атайлап эле ишти создуктуруу деп каршы чыгып жатышат.

Былтыр 3-октябрда мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деп айыпталып жаткан "Ата-Журттун" депутаттары Камчыбек Ташиевди жана Садыр Жапаровду райондук сот бир жарым жылга, Талант Мамытовду бир жылга кескен. Шаардык сот аларды актап чыгарган. Мындай өкүмгө макул болбогон прокурорлор көзөмөл арыз менен Жогорку Сотко кайрылган.(BkA\AKu)

XS
SM
MD
LG