Чек ара кызматынын жаңы дайындалган жетекчиси Курманакун Матенов Ысык-Көл аймагындагы чек аралардын абалы жана чек ара бөлүмдөрүнүн кызматтык-аскерий ишмердүүлүгү менен таанышууда. Жумуш сапардын алкагында кыргыз-казак жана кыргыз-кытай чек ара аймактарындагы көйгөйлөргө өзгөчө көңүл бурулат. Жергиликтүү бийлик жетекчилери, жергиликтүү тургундар менен жолугуп, чек ара маселелерин биргелешип чечүү жолдорун талкуулайт. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат бөлүмүнөн кабарлашты.(BkA)