Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:38

Депутаттар соту: адвокаттардын өтүнүчү канааттандырылган жок


“Ата-Журт” партиясынын депутаттарынын ишин карап жаткан Жогорку Соттун соттук коллегиясы адвокаттардын жараянды башка күнгө жылдыруу тууралуу өтүнүчүн канааттандырган жок. Буга чейин айыпталуучулардын адвокаттары айрым актоочулардын ооруп калганына байланыштуу ишти кийинкиге жылдырууну суранышкан. Бирок мамлекеттик айыптоочулар муну атайлап эле ишти создуктуруу деп каршы чыгышкан. Бүгүнкү соттук жараянга айыпталган депутаттар Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров келген жок.

Былтыр 3-октябрда мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деп айыпталып жаткан "Ата-Журттун" депутаттары Камчыбек Ташиевди жана Садыр Жапаровду райондук сот бир жарым жылга, Талант Мамытовду бир жылга кескен. Шаардык сот аларды актап чыгарган. Мындай өкүмгө макул болбогон прокурорлор көзөмөл арыз менен Жогорку Сотко кайрылган.(BkA\AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG