Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:12

Аба ырайы: чукул эскертүү


7-11-авгусnта күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Аба ырайы:

Синоптиктердин маалыматы боюнча, 7-августта түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 19...24, күндүз 28...33 градус ысыйт. Таласта түнкүсүн 13...18, күндүз 27...32 градус ысык болот. Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 19...24, күндүз 29...34 градуска чейин көтөрүлөт. Баткенде түнкүсүн 17...22, күндүз 29...34 градус ысыйт. Ысык-Көлдө түнкүсүн 12...17, күндүз 21...26 градуска жетет. Нарында түнкүсүн 8...13, күндүз 24...29 градуска чейин ысыйт.

Борбор калаа Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым учурда 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн 22...24, күндүз 30...32 градус болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG