Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Астана Францияда кармалган Аблязовдун экстрадицияланышы үчүн аракет кылууда


Мухтар Абзялов
Мухтар Абзялов
Казакстандын башкы прокуратурасынын расмий өкүлү бүгүн Астанада журналисттерге сүйлөп жатып, Казакстан менен Франциянын ортосунда кармалгандарды бири-бирине өткөрүп берүү жөнүндө келишим жок экенин, бирок Орусия жана Украина менен кошо Казакстан да “Экстрадиция жөнүндө Европа конвенциясына” мүчө экенин белгиледи.

Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин башкы сынчыларынын бири, соңку жылдары бозгунда жүргөн мурдагы банкир Мухтар Аблязов Украинанын өтүнүчү боюнча өткөн аптада Франциянын түштүгүндө кармалган жана иши тергелип бүткөнчө 40 күн абакта отураары айтылган.

Мурда БТА банкын жетектеген Аблязовго 2009-жылы “акча уурдаган” деген күнөө тагыла баштаганда ал өлкөдөн качып кеткен, 2011-жылы Британиядан саясий башпаанек алды. Орусия менен Украина да аны “акча уурдаган” деп айыптап келишет.

XS
SM
MD
LG