Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:32

Депутаттар соту: тараптардын жарыш сөзү башталды


“Ата-Журт” партиясынын үч депутатынын иши боюнча Жогорку Сотто тараптардын жарыш сөзү башталды. Сотко катышып жаткан “Азаттыктын” кабарчысынын билдиришинче, учурда Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов сүйлөп жатат. Ал депутаттарга карата Бишкек шаардык сотунун чечими адилеттүү болгонун айтып, Башкы прокуратуранын көзөмөл арызы негизсиз экенин билдирүүдө.

Бүгүн Жогорку Сотто «Ата-Журт» партиясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун иши боюнча жараян башталган. Адвокаттар Жогорку Сот бүгүн өкүм чыгарышы мүмкүн экенин айтышууда. Бирок бүгүнкү жараянга Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров катышкан жок.

Былтыр 3-октябрдагы митингден соң мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деп айыпталып жаткан "Ата-Журттун" депутаттары Камчыбек Ташиевди жана Садыр Жапаровду райондук сот бир жарым жылга, Талант Мамытовду бир жылга кескен. Шаардык сот аларды актап чыгарган. Мындай өкүмгө макул болбогон прокурорлор көзөмөл арыз менен Жогорку Сотко кайрылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG