Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:34

Азиза айымдын куурчак бизнеси


Ош шаарынын тургуну Азиза Ташхожаева 4 жылдан бери куурчак жасап, кайталангыс сувенир катары сатып келет.

Анын буюмдарын негизинен жакындарына белек издеген кишилер сатып алышат. Азиза айым куурчак жасоону алгач жөн гана эрмек катары пайдаланса, азыр ал акча табуучу кошумча жумушуна айланган.

Анын колунан жасалган оюнчуктар негизинен үч нерседен куралат - керектен чыккан куурчактын башы менен колу, зым жана чүпүрөк:

- Бир куурчак жасаш үчүн 20 сантиметр узундуктагы 10 даана зым алабыз. Зымдардын башын бириктирип, ал жерге эски куурчактын башын орнотобуз. Зымдардын этек тарабын конус сыяктуу жайып, колду орнотобуз да, көйнөк кийгизебиз. Ошентип жарым саатта сувенирге бере турган куурчак даярдасак болот. Жакшынакай чыгышы үчүн зымдын этек тарабын канышалардын көйнөктөрүнүн формасына келтиришибиз керек.

Азиза айым бир куурчак жасаганга 40 сомдой акча сарптайт. Базардан Кытайдын арзан куурчактарын сатып алып, анын башын жана колун чыгарып, өзү жасап жаткан оюнчукка керектейт же болбосо тааныштардын ойнолбой калган куурчактарын пайдаланат. Жасаган буюмун 200-250 сомдон үйүнө келген кардарларга сатат:

- Менде тигүүчүлүккө кызыгуу 4 жашымда эле пайда болгон. Мектепти бүткөндөн кийин шаардагы 11-кесиптик окуу жайында билим алдым. Куурчак жасоо менен көйнөк тигүүнү жакшы билсем да диплом үчүн окудум. Төрт жыл мурун сиңдимдин үйүнө барсам эски куурчак бар экен. Аны жаңылагым келди, зымдын жардамы менен башка куурчакка айланттым. Анан сыртка алып чыгып туугандарга көрсөтсөм, аябай жакшы чыкканын айтышты. Тим эле баары талашты, "эстеликке бериңиз" деп. Ошондон кийин куурчак жасоону адат кылдым.

Колго жасалган куурчактар
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:06 0:00


Азиза Ташхожаева колунан чыккан куурчактарын сатуу үчүн кардар издеп, убара да болбойт. Дос-тааныштарына белек жасагысы келгендер анын үйүнө келип, дайыма буйрутма берип турушат. Алардын бири Мухлиса Далимбекова Азиза эжеден тез-тез куурчак сатып алат:

- Мен тааныштарымдын туулган күндөрүндө базардан же дүкөндөн белек издеп убара болбойм. Азиза эжеге келип, буйрутма берем. Сонун кылып куурчак жасап берет. Азиза эже жасаган куурчактар сувенир катары үйдө турат. Ошого ылайыктуу кылып жасайт. Аны балдар ойноп, бат эле жок кылбайт. Бүгүн деле курбумдун туулган күнү үчүн куурчак жасатканы келгем.

Азиза айым Оштогу 46-орто мектепте балдарга кол эмгек өнөрүн үйрөтөт. Мектепте куурчак жасоону үйрөнүүнү каалагандар үчүн ийрим да ачып алган. Азыр ал үч уулун негизинен ушул кол өнөрчүлүктөн түшкөн киреше менен чоңойтуп жаткан экен.

Баса, Ошто жыл сайын өтүүчү кол өнөрчүлөр жарманкесинде бир-эки жылдан бери Азиза Ташхожаеванын колунан чыккан куурчактар кардарлардын кызыгуусун жараткан буюмдар катарын толуктап келүүдө.

XS
SM
MD
LG