Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:50

Жогорку Сот Ходорковский менен Лебедевдин жаза мөөнөтүн эки айга кыскартты


Сот отурумуна Ходорковский видео байланыш аркылуу катышты, 6-август, 2013

Сот отурумуна Ходорковский видео байланыш аркылуу катышты, 6-август, 2013

Муну менен сот ЮКОС мунай компаниясынын мурдагы жетекчилери Михаил Ходорковский менен Платон Лебедевге экинчи кылмыш иши боюнча чыгарылган өкүмгө карата адвокаттардын доо арызын жарым-жартылай канааттандырды. Эми Лебедев келерки жылдын май айында, Ходорковский келерки жылдын август айында боштондукка чыга алышат.

Бүгүн соттун жыйынына видео байланыш аркылуу катышкан Ходорковский өзүнө чыгарылган өкүмдү “юридикалык сабатсыз” деп атап, Жогорку Сотту ал чечимди жокко чыгарууга чакырды. “Жогорку Сот үчүн бул өңдүү өкүмдү мыйзамдаштыруу уят иш болушу керек”, - деди Ходорковский. Прокуратура болсо соттон буга чейинки чечимди өзгөртпөөнү сураган.

2010-жылдын аягында Москвада сот бул эки ишкерди учурунда “мунай уурдаган, арам акчаны адалдаштырган” деп, 14 жылга кескен. Кийинчерээк чечимди бир жылга кыскарткан. Былтыр декабрда болсо Москва шаардык соту жаза мөөнөтүн 13 жылдан 11 жылга түшүргөн болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG