Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Талиптер менен ооган президентинин өкүлдөрү жашыруун сүйлөшүүлөрдү өткөрүшүүдө


Талиптер менен ооган президенти Хамид Карзайдын өкүлдөрү тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра баштоо боюнча жашыруун талкууларды жүргүзүп жатышат.
Ооганстандын Тынчтык жогору кеңешинин расмий өкүлү “Азаттыктын” ооган кызматына кабарлаганына караганда, талиптер менен сүйлөшүү өлкөнүн өзүндө да, сыртында да жүрүп жатат. Муну "Талибандын" Катарда июнда ачылган мекемеси да тастыктады.

Ооган жеринде 12 жылдан бери уланып жаткан согушту токтотуш үчүн сүйлөшүүлөрдү Дохада талиптердин саясий мекемеси ачылгандан кийин баштоо пландалган. "Талибан" бул офисте өздөрүнүн Ооганстанды башкарып тургандагы желеги менен атын колдонуп жатканын Карзай кескин сынга алгандан кийин сүйлөшүүлөр кийинкиге калтырылган.

XS
SM
MD
LG