Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Үч депутат мандатынан ажыраганы калды


"Ата-Журттун" үч депутаты Бишкек шаардык соту актагандан кийин шайлоочулар менен жолугушууда. Ош, 23-июнь, 2013.
"Ата-Журттун" үч депутаты Бишкек шаардык соту актагандан кийин шайлоочулар менен жолугушууда. Ош, 23-июнь, 2013.

Жогорку Сот “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду күнөөлүү тапты. Сот чечимине негизденип, Борбордук шайлоо комиссиясы аларды депутаттык мандатынан ажыратат деп айтылууда.

Жогорку Сот Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровго 1 жыл 5 ай, Талант Мамытов менен Ташиевдин жансакчыларына 1 жылдан жаза мөөнөтүн берди.

6-август күн шашкеде башталып, түн оокумга чейин созулган териштирүүдөн кийин Жогорку Сот акыры чечимин чыгарды. Судьялар Лепес Темирбеков, Арзыбек Акыев катышкан соттук коллегиянын төрагасы Жакыпбек Абдрахманов өкүмдү жарыялады.

- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 30-беренесинин 3-4-5-бөлүмү, 28-беренеси жана 295-беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, Кылмыш-Жаза кодексинин 56-беренесин колдонуу менен Садыр Жапаровго, Камчыбек Ташиевге 1 жыл 5 ай жазасы белгиленсин. Жазаларын күчөтүлгөн түзөтүү абагында өтөө белгиленсин. Жапаров жана Ташиев жазасын өтөп бүткөнүнө байланыштуу жаза өтөөдөн бошотулушсун.

Ал эми депутат Талант Мамытовго жана Ташиевдин үч жансакчысына райондук сот берген бир жылдык жаза күчүндө калтырылды. Алар да тергөө абагында жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу эркиндикте калат. Ошентип айыптоочу тараптын Жогорку Сотко берген көзөмөл сунушу жарым-жартылай канааттандырылды.

Мамлекеттик айыптоочулар шаардык соттун да, райондук соттун да өкүмүн жокко чыгарууну сураган эле. Мамлекеттик айыптоочу Кумар Токтакунов “Азаттыкка” мындай деди:

- Эки сунуш келтирип, белгиленген беренелер боюнча жаза берүүнү сураганбыз. Райондук сот жаза мөөнөтүн 1 жыл 6 ай деп берсе, Жогорку Сот 1 жыл 5 ай кылып өкүм чыгарды. Ошондуктан биздин сунуш жарым-жартылай канааттандырылды. Бирок канчалык деңгээлде жарым-жартылай экенин соттун актысын алгандан кийин толук айтууга мүмкүн болот, азырынча биз соттун корутунду бөлүгүн гана алдык. Ошол эле учурда Жазык процессуалдык кодексинин 383-беренесине ылайык, көзөмөл инстанцияда чечүүчү чечим кабыл алынды.

Депутат Талант Мамытовдун адвокаты Искендер Журабаев акыркы инстанциянын өкүмүн саясий чечим атады:

- Бул, албетте, саясий иш, саясий чечим болду. Негизги максат – депутаттык мандатынан ажыратуу. Алар эми соттолгон болуп калат. Жогорку Сот Бишкек шаардык сотунун депутаттарды актаган судьяларынын үстүнөн жай аныктама чыгарды. Бул – “өкүм кылууда мыйзам бузуулар болгон, судьялардын жоопкерчилиги каралсын” дегенди билдирет.

Ал эми Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов мындай деди:

- Бүгүн орозонун акыркы күнү, шектик, арапа. Улуу күндө жаман сүйлөбөй эле коёлу. Баарын Кудай көрүп турат, Алла өзү оңдойт го. Жогорку Соттун өкүмү акыркы чечим, калганын өздөрү чечет да.

3-октябрь, 2012-жыл
3-октябрь, 2012-жыл
Өткөн октябрь айынан бери камакта жаткан оппозициячыл “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду Биринчи май райондук соту быйыл мартта бир жарым жылга, Талант Мамытовду жана Ташиевдин үч жансакчысын бир жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

17-июнда Бишкек шаардык соту аларды актаган чечим чыгарган. Андан соң Башкы прокуратура Жогорку Сотко көзөмөл сунуш келтирип, ишти Жогорку Сот карады. Жансакчылардын жаңы жактоочулары иш менен таанышуу жүйөсүн келтирип, процессти эки жолу жылдырышкан.

6-августтагы териштирүүдө адвокаттар айрым актоочулардын келбей калганына байланыштуу дагы артка жылдырууну өтүнүштү жана мамлекеттик адвокаттар таңууланып жатканына нааразылык билдиришти. Бирок Жогорку Соттун коллегиясы өтүнүчтөрдү четке кагып, иш мамлекеттик жактоочулардын катышуусу менен улантылды. Ага депутат Талант Мамытов келип, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев катышкан жок. Жогорку Сотту милиция күчтөрү тегерете катуу кайтарууга алып турушту.

Жогорку Кеңештин үч депутаты былтыр 3-октябрда Бишкектеги митингден кийин Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо, бийликти күчкө салып тартып алуу, же бийликти күч менен кармап туруу деген айыптар менен камалган. Алардын соттук териштирүүлөрү тарапташтарынын митингге чыгуу, жол тосуу сыяктуу акциялары менен коштолуп келди.

Жогорку Сот депутаттарды күнөөлүү тапты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:12 0:00

XS
SM
MD
LG