Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:23

Садыр Жапаров: Жогорку Сот саясий чечим чыгарды


Бул тууралуу кечээ Жогорку Сот күнөөлүү деп тапкан депутат Садыр Жапаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Жогорку Соттун мындай чечим кабыл алышына президенттик аппараттын буйругу себеп болду. Жапаров депутаттык мандаттан ажыратылса да, саясий ишмердигин улантып, Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу жана өкмөттү отставкага кетирүү талабы менен тынч митингдерди уюштураарын жарыя кылды.

Кечээ Жогорку Сот “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду күнөөлүү деп тапкан. Ага ылайык, сот былтыр 3-октябрдагы митингде бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып менен Ташиев менен Жапаровго 1 жыл 5 ай, Мамытов менен Ташиевдин жансакчыларына 1 жылдан жаза мөөнөтүн берди. Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды күнөөлүү деп тапса, Бишкек шаардык соту актаган болчу.(KE\BkA)

XS
SM
MD
LG