Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:16

Жалал-Абад: “Ата-Журттун” мүчөлөрүнүн соту жылдырылды


“Азаттыктын” аймактагы кабарчысы билдиргендей, бүгүнкү жараянда партиянын аймактагы активисттери Медер Үсөновдун, Шайырбек Ташиевдин, Жеңишбек Токторбаевдин, Абсатар Сыргабаевдин, Азимбек Жумашевдин жана Айбек Сулаймановдун иши каралмак. Алар "бийликти күч менен басып алган", "күч менен басып алууга чакырган" жана "массалык башаламандык уюштурган" деп күнөөлөнүүдө.

Бирок жараянда мамлекеттик айыптоочу менен айыпталуучулардын адвокатынын бир тууган экени белгилүү болуп, сот 10 күнгө жылдырды. Ага чейин мамлекеттик айыптоочу алмашып, жаңы дайындалганы иш менен таанышып чыгат.

Ушул жылдын 31-майда Жалал-Абадда Кумтөр жана камалган депутаттар боюнча нааразылык акцияга чыккандар облустук акимчиликти басып алган. Анда Медербек Үсөнов “элдик губернатор” деп жарыяланган. Кийин Үсөновду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камап салганда митингчилер Барпы айылынын тушунда Ош-Бишкек жолун буушкан эле. (ErN\BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG