Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:43

Аба ырайы: чукул эскертүү


Чукул эскертүү:

7-11-августта күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Аба ырайы:

Синоптиктердин маалыматы боюнча, 8-августта түнкүсүн көпчүлүк жерлерде, күндүз айрым аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16...21, күндүз 25...30 градус ысыйт. Таласта түнкүсүн 11...16, күндүз 24...29 градус ысык болот. Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 17...22, күндүз 28...33 градуска чейин көтөрүлөт. Баткенде түнкүсүн 17...22, күндүз 27...33 градус ысыйт. Ысык-Көлдө түнкүсүн 9...14, күндүз 19...24 градуска жетет. Нарында түнкүсүн 11...16, күндүз 21...26 градуска чейин ысыйт.

Борбор калаа Бишкекте жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым учурда 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн 19...21, күндүз 27...29 градус болот.

XS
SM
MD
LG