Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Көңүл калды болсо да, Обама Орусияга барат


Москванын америкалык качкын Эдвард Сноуденди калкалап жатканына карабастан, АКШ президенти Барак Обама Орусияда өтө турган өнүккөн 20 өлкөнүн чоң жыйынына катышарын бышыктады.

НБС каналына сүйлөгөндө Обама Сноудендин окуясы Москва менен алакадагы кыйынчылыкты айгинелерин белгиледи:

– Көңүл калды болду, анткени Орусия менен экстрадиция келишими жок болсо да, буга чейин биз мыйзам бузгандар боюнча кызматташууга аракеттенчүбүз. Орустар мындай кылган жок. Бул да болсо, биздин Орусия менен акыркы кездеги кыйынчылыктарыбыздын айрымдарынан кабар берет.

АКШнын Улуттук Коопсуздук Агенттигинде чалгын аналитиги болгон Сноуден мекенинде өлкөнүн масштабдуу интернет жана телефон көзөмөл программаларынын бетин ачкандыгы үчүн сот алдына келиши керек. Орусия Сноуденге өткөн аптада бир жылга баш калканч берген.

XS
SM
MD
LG