Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:10

Эки ишканага салык төлөбөгөнү үчүн кылмыш иши козголду


“Ансар Трейд” жана “Плутон строй” ишканалары bюнь окуясынан жабыркагандар үчүн турак-жай курган ишканалар. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын маалыматына ылайык, 2011-жылы ишканалар Ош жана Жалал-Абад шаарларын көтөрүү боюнча мамлекеттик дирекция тарабынан бөлүнгөн 140 миллион сомго үй тургузушкан. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы кайра текшерүү учурунда курулуш ишканалары 5,7 млн. сом салыкты жашырып коюшканын аныктаган. Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

2010-жылкы июнь коогалаңынан кийин Ош жана Жалал-Абад шаарларын көтөрүү боюнча мамлекеттик дирекция түзүлүп, бир катар курулуш иштери жүргүзүлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG